КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕБнын Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку Өкүлү/Европа Комиссиясынын Вице-Президенти Жозеп Боррель менен жолугушту

1263

2022-жылдын 15-ноябрында Брюсселде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку Өкүлү/Европа Комиссиясынын Вице-Президенти Жозеп Боррель менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле тиешелүү алкактык макулдашууга кол коюуга багытталган эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды.

Соода, жашыл экономика, санариптештирүү, миграция, билим берүү жана инновация тармагында кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу максатында практикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча тыгыз биргелешкен иштерди улантуу иштери макулдашылды. Кыргызстандын жарандарын Евробиримдик өлкөлөрүндө ишке орноштуруу шарттарын жеңилдетүү чаралары, ошондой эле виза режимин жеңилдетүү маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз-европа мамилелеринин прогрессивдүү өнүгүүсүн кубатташты жана өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пландарды такташышты.

Кыргызстан менен Европанын башкы дипломаттары ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби, анын ичинде коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK