Дипломатиялык миссиянын башчысы

ОТУНБАЕВ БОЛОТ ИСАКОВИЧ
Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Туулган жылы: 9-март, 1965-жыл
Билими:
1987-жылы М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университеттин тарых факультетин бүтүргөн.
1990-1993-жылдары М.Ломоносов атындагы ММУнун аспирантурасында билим алган. Тарых илимдеринин кандидаты.
2000-жылы РФнын ТИМнин Дипломатиялык академиясын аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү :
1987-1990-жылдары Бишкек шаарындагы №67-орто мектебинин тарых сабагынан мугалими.
1993-1995-жылдары – Түркия Республикасынын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин Кеңешчиси (Бишкек).
1995-1996-жылдары – Түркия Республикасынын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин борбордук кеңсесинин Кеңешчиси (Анкара).
1996-1998-жылдары – Түркия Республикасынын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин туруктуу өкүлү.
1998-2003-жылдары – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 1-катчысы.
2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМнин Батыш өлкөлөр жана ЕККУ Башкармалыгынын начальниги.
2005-жыл – Кыргыз Республикасынын ТИМнин Чыгыш өлкөлөр башкармалыгынын начальниги.
2005-2009-жылдары – Кыргыз Республикасынын Туркия Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчи- Кичиэлчиси.
2010-жылы – Кыргызстандын Социал-демокартиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
2010-2012-жылдары – КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, республикалык штабынын координатору.
2012-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2012-жылдын 8-октябрынан баштап – айкалыштырып иштөө менен Кыргыз Республикасынын Швеция Королдугундагы, Сан-Марино Республикасындагы жана Ыйык Престолдогу Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2012-жылдын 2-ноябрынан баштап – айкалыштырып иштөө менен Кыргыз Республикасынын Дания Республикасындагы жана Норвегия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2015-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси.
2016-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
2017-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Финляндия Республикасында айкалыштырып иштөө менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
2017-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Дания Королдугунда, Норвегия Королдугунда, Швеция Королдугунда айкалыштырып иштөө менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
2018-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгыменен Кыргыз Республикасынын Армения Республикасында айкалыштырып иштөө менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
2019-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
2019-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен резиденциясы Вашингтон шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Канадада айкалыштырып иштөө менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.
Кошумча маалымат:
«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангына ээ.
Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
Үй-бүлөлүү. Үч баланын атасы.