Пресс-релиз

670

2021-ж. 23-июнунда Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан, Беларусь Республикасы, Азербайжан, Армения жана Молдованын Элчилеринин жолугушуусу Россия Федерациясынын АКШдагы элчилигинде болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык тарап Россия Федерациясы менен АКШ президенттеринин 2021-ж. 16-июнунда Женева шаарында өткөн саммитинин жыйынтыктарын жарыялады. Жолугушуунун катышуучулары саммиттин жыйынтыктары боюнча өз ойлорун билдиришти, ошондой эле тараптарды кызыктырган эл аралык күн тартибиндеги башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев өз сөзүндө Россия-Америка саммитинин дүйнөлүк коомчулук үчүн маанисин баса белгилеп, Россия Федерациясы менен АКШнын ортосундагы мамилелерди чыңдоо Кыргыз Республикасына гана эмес, Борбордук Азия регионуна да оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK