2021-жылдын 27-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 19.00дө АКШнын билим берүү мекемелерине кабыл алуу, окуу мүмкүнчүлүктөрү жана ыкмалары жөнүндө онлайн-лекция өтөт

642

Урматтуу студенттер,

Эгерде сиз АКШнын университеттеринде жана колледждеринде окууну каалап, маалымат издеп жаткан болсоңуз, анда 2021-жылдын 27-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 19.00дө (9.00 AM EDT), Пенсильвания штатынын университетинин профессору Темирлан Молдогазиев жана Global Compass - Study Abroad компаниясынын консультанты Жылдыз Саттарова АКШнын билим берүү мекемелерине кабыл алуу, окуу мүмкүнчүлүктөрү жана ыкмалары жөнүндө онлайн-лекция өткөрүшөт.

Эгерде сиз жогорудагы лекцияга катышууну кааласаңыз, анда иш-чарага шилтеме алуу үчүн asel.yusupova2010@gmail.com электрондук дарегине сурам жөнөтүңүз.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK