АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу: Каргашалуу окуя адилеттүү териштирилет

2151

2021-жылдын 5-октябрь күнү АКШнын Пенсильвания штатында Кыргыз Республикасынын 1993-жылы туулган М.Н. аттуу жараны полициянын аткан огунан каза болду. Каргашалуу окуя орун алгандан баштап Кыргыз Республикасынын АКШ дагы Элчилиги окуяны толук көзөмөлгө алууда. Кыргыз Республикасынын АКШгы элчиси Бакыт Аманбаев дароо АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен байланышып, окуя тууралуу сүйлөшүү өткөрдү. Элчи мырза АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынан аталган каргашалуу окуя адилеттүүлүк менен териштирилип, күнөөлүүлөр мыйзам алдында жазага тартылуусун кыргыз кооомчулугу талап кылып жаткандыгын билдирди. Ал эми Дональд Лу каргашалуу окуя АКШнын тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кылдат иликтенип, окуя адилеттүү териштирилип, жакынкы убакта адам өлүмү тууралуу расмий маалымат берилээрин билдирди.

Алдын ала такталбаган маалымат боюнча, өкүнүчтүү окуянын оорун алуусуна  маркум менен ал иштеген жүк ташуучу компаниянын жетекчисинин ортосундагы чыр себеп болгон. Ошондой эле, такталбаган маалымат боюнча, М.Н. жаран белгисиз себептерден улам, полициянын эскертүүлөрүнө баш ийбей, жүк ташуучу унаа менен качууга аракет кылып, эки полициянын автоунааларын сүзүп, полиция кызматкерлерин жарадар кылган, натыйжада ага бир канча ок тийген.

Элчилик ошондой эле жабырлануучунун үй-бүлөсү, анын адвокаты, АКШнын Ички коопсуздук департаменти жана жергиликтүү полиция менен байланышып бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча документтерди даярдап берип, элчиликтин ыйгарым укугундагы иштердин барын кечиктирбей аткарууда.

Кайгылуу окуянын оорун алуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги маркумдун ата-энесине жана жакын туугандарына кайгыруу менен көңүл айтат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK