Кыргыз бийлиги алдыдагы парламенттик шайлоону мурда болуп көрбөгөндөй таза жана адилеттүү өткөрүүгө болгон күчүн жумшоодо

1862

2021-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Б.Аманбаев АКШнын Демократия үчүн улуттук фонддунун Президенти Дэймон Уилсон мырза менен жолукту.

Аталган жолугушууга америкалык тараптан аталган фонддун аймактык программалар боюнча вице-президент Брайан Жозеф, Евразия боюнча башкы директору Мириам Ланской, программалык башкы адис, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын куратору Спаска Гатзинска катышышты.

Жолугушуу учурунда Б.Аманбаев Кыргызстандагы соңку жылдары ишке ашырылган Конституциялык реформа жана шайлоо мыйзамын өзгөртүүнүн маңызын түшүндүрүп, алдыда болуучу парламенттик шайлоо тууралуу суроолорго кеңири жооп берди. Бакыт Аманбаев ошондой эле Кыргызстан адам укуктарын сактоо, күчтүү жарандык коомду куруу, сөз эркиндигин сактоо жана башка демократиялык баалуулуктар боюнча Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин ичинен жалгыз демократиялуу өлкө экенин белгиледи. Андан аркы сөзүндө элчи мырза Кыргыз Республикасынын саясий жетекчилиги өлкөдө демократиялык институттарды бекемдөөгө, адам укугу жана демократия жаатында өлкөнүн эл аралык имиджин сактоого өзгөчө маани берип, ошондой эле алдыдагы парламенттик шайлоону болуп көрбөгөндөй таза жана адилеттүү өткөрүүгө бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады.

Д.Уилсон Кыргыз Республикасындагы Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле кыргыз бийлигинин өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин, мамлекетте орун алган маанилүү конституциялык реформалардын фонунда сактап калууга умтулуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Гатзинска айым NED Кыргыз Республикасынын коомундагы бардык прогрессивдүү күчтөрдүн жаркын жактоочусу жана колдоочусу болуп кала берэрин жана республиканын демократиялык институттарын чыңдоого мындан ары да колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Соңунда Б.Аманбаев жолугушуу учурунда оорун алган кеңири баарлашууга ыраазылыгын билдирип, кыргыз бийлиги өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген бардык маселелер боюнча Фонд менен кызматташууга дайыма ачык экендигин кошумчалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK