Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси БУУ тарабынан колдоо тапты

1697

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо боюнча резолюциянын долбоору  2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Пленардык отурумунда каралып жактырылды. Кыргыз Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясына катышып сөз сүйлөп “2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо демилгесин көтөргөн. 

Белгилей кетсек, өткөн аптада Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугуп, АКШнын бийлиги кыргыз президентинин жогорудагыдай демилгесине тең демөөрчүлүк кылып, аны колдоп берүүнү өтүнгөн. Натыйжада, 9-декабрь күнү АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү тарабынан аталган резолюцияга тең-демөөрчүлүк кылууга макулдук берилип, резолюциянын долбоору БУУнун 16-декабрындагы  Пленардык отурумунда каралып жактырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK