Ноорузга байланыштуу АКШнын эң жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда иш чара өткөрүлдү

811

Нооруз майрамына карата 17-март күнү Вашингтондо АКШнын эң жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда иш чара уюштурулду. Майрамдык салтанат онлайн форматында өтүп, иш чарага  АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, ЮСАИДдин администратору С.Пауэр, АКШнын Конгрессинин өкүлдөрү  жана Борбор Азия өлкө элчилери катышып,сөз сүйлөштү. 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ноорузду майрамдаган өлкө элдерин жаз майрамы менен куттуктап, аларды өз ара биримдикке, ынтымакка чакырды. Ал эми Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев өз сөзүндө күн менен түндүн узактыгы теңелген учурга туура келген Нооруз майрамы, кылымдар бою майрамдалган улуу муун менен кичүү муунду, үй-бүлөө мүчөлөрүн, эрегишкен коңшуларды өз ара ынтымакка, түшүнүүчүлүккө жана жарашууга чакырган мааниси терең майрам экендигин белгилеп, учурда дүйнөдө болуп жаткан ар кандай өз ара түшүнбөөчүлүктү ынтымакка келип, сүйлөшүү жолу менен чечүү учурдун талабы экендигине токтолду. 

Бул иш -чаранын алкагында аталган элчиликтин кызматкерлери чогулушуп, ар бир өлкөнүн улуттук тамактарынан кошуп, майрамдык корзиналарды уюштурушуп, АКШнын бир катар мамлекеттик органдарына таратып беришти. Иш-чара абдан кызыктуу өттү. Анда ар бир мамлекеттин улуттук музыкасы, ырлары да уктурулду.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK