Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров америкалык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу  

531

 

2022-жылдын 21-апрелинде Элчиликтин имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.Жапаров менен америкалык ири бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууну  Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Б.Аманбаев ачып, жыйындын катышуучуларына өкмөттүк делегацияны тааныштыруу менен АКШ менен соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча өз сунуштарын ортого салды. 

Баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз тараптын делегация башчысы өлкөбүздө соңку бир жылдан ашуун убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жетекчилиги астында ишке ашырылган, ишке ашырылып жаткан саясий реформалар жана анын өлкө экономикасын жакшыртуудагы  мааниси жөнүндө кеңири маалымат берди. Ошондой эле Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана кыргыз бийлигинин өлкө экономикасын жандандырууда артыкчылык берген тармактар тууралуу конкреттүү фактылар менен кеңири маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

       Өз мезгилинде,  америкалык компаниялар өздөрүнүн бизнес-пландары тууралуу маалымат беришип, Кыргыз Республикасындагы келечектеги пландары менен бөлүшүштү.  Жыйында ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен инвестициялык талашты арбитражсыз ийгиликтүү чечкени белгиленип, Кыргыз Республикасы дүйнө өлкөлөрү менен чет элдик жеке инвесторлордун ортосундагы инвестициялык талаштарды жөнгө салууну камсыз кылган Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго мүчө болгондугу да маалымдалды. Аталган уюмга мүчө болуу менен  Кыргыз Республикасы жеке, мамлекеттик жана чет элдик компаниялардын кызыкчылыктарын белгиленген эл аралык стандарттарга ылайык коргой алууга жетишээри баса белгиленди. 

Ишкердик жолугушуунун жыйынтыгында келечекте бир катар практикалык чечимдерди кабыл алуу макулдашылды.  

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK