Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров Илон Масктын SpaceX/Starlink компаниясынын өкүлү менен жолугушту

487

 2022-жылдын 18-апрелинде Элчиликтин имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров SpaceX жана Starlink компаниясынын өкүлү Бенджамин МакВильямс менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын АКШ элчилиги тарабынан уюштурулду. Жолугушууда  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров Илон Масктын технологиялык жетишкендиктерине жогорку баа берүү менен, Кыргыз Республикасын аталган компаниянын спутниктери аркылуу ылдам иштеген интернетке кошулуусун камсыздоо боюнча кызматташууну сунуш кылды. 

Баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз тараптын делегация башчысы өлкөбүздө соңку бир жылдан ашуун убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жетекчилиги астында ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан саясий реформалар жана чет өлкөлүк инвесторлорго түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берип, SpaceX жана Starlink компания өкүлүнүн суроолоруна жооп берди. Жолугушуу жемиштүү өткөрүлдү. Жолугушуу соңунда SpaceX жана Starlink компаниясынын өкүлү Б.МакВильямстын 2022-жылдын май айынын орто ченинде Кыргыз Республикасына  келип,  Кыргыз Республикасын  ылдам иштеген интернет менен камсыз кылуу боюнча   конкреттүү иш чаралар көрүлөөрү макулдашылды. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK