Кыргызстандык ишкерлер дүйнөлүк көргөзмөгө катышышты

1313

2022-жылдын 2-4-июнь күндөрү АКШнын Нью-Йорк шаарында дүйнөгө белгилүү «International Franchise Expo 2022» көргөзмөсү уюштурулду. Аталган көргөзмөгө өз ишмердүүлүгүн башка өлкөлөргө жайылтууну максат кылышкан дүйнөдөгү соода-сатык, билим берүү, тамак-аш, өнөр-жай тармактарында иш алып барышкан  400дөн ашык америкалык жана башка эл аралык  аралык компаниялар ошондой эле дүйнө жүзүнөн келген ишкерлер жана бийлик өкүлдөрү катышышты. 

Биздин өлкөдөн бул иш чарага Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев баштаган элчиликтин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аида Касымалиева ошондой эле Кыргыз Республикасындагы айыл чарба, курулуш, туризм, коомдук тамактануу, жеңил өнөр жай жана башка тармактарда иштеген 15 кыргызстандык компания өкүлдөрү катышышты. 

Иш чаранын жүрүшүндө «International Franchise Expo 2022» көргөзмөсүнө катышышкан дүйнөлүк деңгээлде иш жүргүзүшкөн компаниялардын өкүлүчүлүгүн Кыргыз Республикасында ачуу максатында жекеме жеке сүйлөшүүлөр болду. Жыйынга келишкен Кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү  коомдук тамактануу тармагындагы америкалык компаниялардын франшизасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, өз ара келишимге келишишти. 

Кыскача маалымат: «International Franchise Expo 2022» көргөзмөсү бул франчайзорлорду жана өнөр жай тармагындагы компанияларды жаңы потенциалдуу франчайзингди сатып алуучулар жана лицензия алуучулар менен байланыштырган эң негизи иш-чара. Бул көргөзмө 10 000 доллардан 1 миллион долларга чейинки инвестициялык диапазондогу бизнести сунуш кылган франшизаларды камтыйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK