Президент Садыр Жапаров АКШда жашап, иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктарды өлкөбүздүн эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады!

1003

27-август күнү Нью-Йорк шаарында Американын бардык штаттарында жашап, иштеген кыргыздар чогулушуп, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн белгилешти. Иш-чарага үч миңге жакын атуулдар катышышты. Майрамдык маарекени Кыргыз Республикасынын АКШдагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаев ачып, Президент Садыр Жапаровдун Америкада жашаган кыргызстандык атуулдарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосун окуп берди. Куттуктоодо Президент мындан 31 жыл илгери кыргыз элинин тарыхында жаңы барак ачылып, кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү жарыяланып, элибиздин келечектеги өз өнүгүү жолун эркин тандоосуна даңгыр жол ачылгандыгын белгилеген. Ошондой эле эгемендүүлүк күнү айтканга жеңил, бирок мааниси терең, теңдешсиз – Улуттук улуу майрам экендигин, эгемендүүлүк биринчи кезекте Республикабыздын түп орду менен жаңылануусу, бардык тармактар боюнча алдыга карай өнүгүүсү, эң башкысы мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемделишине болгон аруу үмүт, тилек, максаты менен тыгыз байланышкан, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндөгү ыйык «баалуулук» экендигин айткан. Ал «баалуулуктукту» ар бир кыргызстандык атуул кайда жүрбөсүн, кайда жашабасын көздүн карегиндей сактап, урматтап, өнүктүрүп кийинки муунга бапестеп өткөрүп берүүгө милдеттүүлүгү көрсөтүлгөн. Ошондой эле Мамлекет башчы Америкада жашаган кыргызстандыктарды биримдикке, ынтымакка жана өз-ара түшүнүүчүлүккө чакырып, мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо жана өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн «бир жеңден кол, бир жакадан баш» чыгаруу зарылдыгын белгилеген. Кошумчалай турган нерсе, майрамдык иш-чара эки күнгө созулат. Эки күндүн аралыгында улуттук спорттун түрлөрү, ордо атыш, аркан тартыш, кыргыз күрөшү, кол күрөш жана башка спорттун түрлөрү боюнча АКШнын бардык штаттарынан келген атуулдардын өз-ара мелдеши өткөрүлөт. Мелдештин жыйынтыгы 28-августа чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK