Кыргызстандык атуулдарга АКШга виза берүүнү жеңилдетүү маселеси талкууланды

1463

2022-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы  элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлүү маселелер жана аны чечүүнүн жолдору талкууланды. Бакыт Аманбаев Мамлекет Башчы Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда талкууланып кабыл алынган документтердин маңызы жана жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Андан соң АКШнын Бишкектеги элчилигинде кыргыз атуулдарынын Америкага виза алуу үчүн жазылуусунун  узун кезеги түзүлгөндүгүн, виза алууга кезекке тургандардын саны барган сайын көбөйүп бара жаткандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Ошондой эле, элчи мырза АКШга окууга өткөн Кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, он жылдык мөөнөткө жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Брайн Стиммлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде түзүлгөн атуулдардын узун кезегинин түзүлүү  себептерин иликтеп, жообун кошумча билдирүүнү убада кылды.

Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШ тарабынан Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкциялардан улам, айрым кыргызстандык ишканалардын акчалары америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын баса белгилеп, аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашышты.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK