Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

1271

2022-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Министр Ж.Кулубаев өлкө аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Э.Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында да, аймактык платформалардын да, анын ичинде "Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттары", ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK