Борбордук Азия өлкө элчилери АКШнын санкцияларды координациялоо кеңсесинин жетекчиси Джим О’Брайан менен жолугушту

2022-жылдын 21-ноябрында Элчи Бакыт Аманбаев Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын элчилери менен биргеликте АКШнын санкцияларды координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Д.О’Брайан менен жолугушту. Жолугушууда Украиндагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү тарабынан Орусияга каршы кабыл алынган эл аралык санкциялардын жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына жана анын ичинде Кыргызстанга тийгизген таасири талкууланды.
Жолугушууда элчи Аманбаев эл аралык санкциялардан улам жалпы кыргыз эли анын ичинде кыргыз компаниялары дуушар болгон көйгөйлөр жана кыйынчылыктарга кеңири токтолуп, аларды чечүү боюнча конкреттүү сунуштарын ортого салды. Тараптар канткенде мындан ары кыргыз ишканалары тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредиттик операцияларды санцияларга кабылдырбоо, канткенде санкцияларга кабылып АКШнын банктарында жаткан кыргызстандык компаниялардын акчаларын чыгарууну тездетүү боюнча биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты.
Өз кезегинде санкцияларды координациялоо кеңсесинин жетекчиси Д.О’Брайан элчилердин айткандарын эске алуу менен санкцияга кабылган Борбор Азиялык компаниялардын акчаларын бошотууга жардам берип, келечекте бул багытта биргелешкен ишти мындан ары да жакшыртууну убада кылды. Ошондой эле Д.О’Брайн жана анын командасы жогорудагы маселелерди чечүү боюнча жакын арада конкреттүү сунуштарды кароого киргизээрин убада кылды.