Кыргыздын улуттук баалуулуктарын АКШда жайылтуу иш чарасы өткөрүлдү

АКШда жашаган кыргыздар улуттук ордо оюнун дайыма ойноп туруу үчүн жыйырма төрт канат боз үй курушуп, анын ачылуу аземин өткөрүштү. Бул иш чара 24-25- декабрь күндөрү Огайо штатынын Цинциннати шаарында уюштурулду. Мындай иш чараны АКШнын Огайо шатында жашап иштеген мекендештер каржылап, уюштурушту. Иш чарага АКШнын ар кайсыл штаттарында жашаган кыргыздардын диаспора башчылары жана ордо оюну боюнча улуттук командалар катышышты.
Жыйындын биринчи күнүндө кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен биргеликте кыргыздын каада салтын, үрп адатын жана улуттук оюндарын АКШнын жергиликтүү элине тааныштыруу, Ордо оюнун американын аймагында жашап, иштеп жүргөн кыргыздардын арасында дайыма ойноп туруу жана бул оюнду өсүп келе жаткан жаш муундарга үйрөтүүнун пландары талкуулап, бекиттик. Мындан сырткары Ордо оюнун АКШда пропагандалоо боюнча улуттук федерация түзүлүп, ордо оюнун ойноо максатында курулган жыйырма төрт канат улуттук боз үйдүн ачылыш аземи болду. Иш чарага АКШнын ар кайсыл штаттарынан келишкен командалары катышып, улуттук ордо оюну боюнча мелдештери уюштурулду. Мелдешке тогуз команда катышты. Жыйынтыгында оюндун жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга баалуу сыйлыктар тапшырылды. Жыйынтыгында Ордо оюнун АКШнын аймагында жылына эки жолу ойноп тууруу тууралуу чечим кабыл алды. Ордо боюнча келээрки мелдеш Чикаго шаарында өткөрүлө турган болду.
Мындан сырткары жыйындын катышуучулары АКШ нын аймагында бир жылда бир жолу Кыргыз Респуликасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Нооруз майрамына карата өткөрүлүүчү массалык иш чараларды өткөрүүнүн регламентин жана устабын талкуулап кабыл алышты.
Натыйжада, эгемендүүлүк күнүнө карата иш чара келээрки жылы Питтсбург шаарында өткөрүлө турган болуп, аны уюштуруу жана каржылоо маселери талкууланып, такталды.