Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү жылдык Улуттук ибадат тамагына катышты

5607

 

2020-жылдын 3-7-февралында Конгресстин мүчөлөрүнүн чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары А.Касымалиева айымдын жана Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Ж.Турускулов мырзанын Вашингтон шаарына иш сапары өттү.

Иш сапар АКШ Конгрессинин мүчөлөрү тарабынан уюштурулган Улуттук ибадат тамагына катышуу алкагында өттү. Аталган ибадат тамакка ошондой эле АКШнын Президенти Д.Трамп, анын орун басары М.Пенс, АКШнын Өкүлдөр Палатасынын спикери Н.Пелоси, Өкмөттүн жана АКШнын Конгрессинин мүчөлөрү, ошондой эле 140 өлкөдөн ашкан парламент, ишкерлер жана диний өкүлдөрү катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө, Жогорку Кеңешинин депутаттары АКШнын ар башка шаарларында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештери менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында АКШдагы мекендештерин жашоосуна байланыштуу актуалдуу жана проблемалуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун маанилүү маселелердин бири АКШнын жетекчилиги тарабынан Кыргызстанды виза чектөө өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгени болду.Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрү Кыргызстанды айтылып кеткен тизмеден тез арада жоюуга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча мекендештерибизге маалымат берип, ошондой эле америкалык тараптан киргизилген виза чектөөлөргө байланыштуу айрым маселелер боюнча пикирлерин билдирди.

Улуттук ибадат тамагы - АКШнын Президентинин катышуусу менен февраль айынын биринчи бейшемби күнү 1953-жылдан бери өтө турган ар жылдык иш-чара. Бул иш чара дүйнө жүзү боюнча саясий, диний, коомдук жана бизнес элитанын ортосунда мамилелерди куруу жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган. Аталган иш-чара АКШнын Президентинин, Өкмөттүн жана АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн салттуу түрдө катышуусу менен өткөрүлөт.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK