АКШ конгрессмендеринин бир катары Кыргыз Республикасынын жарандарына киргизилген виза чектөөлөрдү жокко чыгаруу үчүн Кыргызстандын аракеттерин колдоосун билдиришти

4488

 

2020-жылынын 23-28-февралында, АКШ Конгресинин өкүлдөр Палатасынын «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиянын чакыруусу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары Р.Момбеков, А.Эргешов жана М.Маматалиев Вашингтон шаарына сапары менен келишти.

2020-жылынын 27-февралында иш сапарынын программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары төмөнкү АКШ Конгресинин мүчөлөрү менен коллективтик жолугушууларды өткөрүштү: Норма Торрес (Демократиялык партиясы), Адриан Смит (Республикалык партиясы), Робин Келли (ДП), Кэрол Миллер (РП), Питер Уэлч (ДП) Тед Лью (ДП), Стив Уомак (РП), Дина Тайтус (ДП) жана Дэрин Лахуд (РП).

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз делегациясы АКШнын Президентинин жарлыгы менен иммиграциялык чектөө тизмесиндеги өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан киргизилген маселесин кайрадан көтөрүштү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жана парламентаризм жаатындагы айрыкча маанилүү ролун эске алуу менен, өз тынчсыздануусун билдиришти. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын ар кандай комитеттеринин отурумдарында бул маселени көтөрүп, аталган тизмеден Кыргыз Республикасын тез арада чыгарууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешинин депуттары кайрылышты.

Демократ-конгрессмендеринин бир катары, АКШына кирүүгө иммиграциялык тыюуну тез арада алып салуу керектигин, АКШнын Администрациясына жана Американын коомчулугуна жеткизгени даярдыгын билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары АКШ Конгрессинин өкүлдөр Палатасынын «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиянын Төрагасы, АКШ Демократиялык партиясынын конгрессмени Дэвид Прайс менен дагы бир ирет жолугушуу өткөрүп, АКШ Конгрессинин 26-февралындагы жыйынында Кыргызстан Борбордук Азияда жалгыз парламенттик демократия жана чектөөлөр киргизилген өлкөлөр менен конструктивдүү иш алып барууга АКШ Администрациясын чакырганына, ыраазычылыгын билдиришти.

Д.Прайс өз тарабынан, бул маселе тууралуу анын көз карашы өзгөрүүсүз бойдон калат жана иммиграциялык чектөөлөрдү жокко чыгаруу иштерин мындан ары да улантам деп ишендирди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK