АКШда жана Канадада убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине

1060

Кыргыз Республикасынын Элчилиги АКШда жана Канадада жүргөн Кыргызстандын жарандарын Элчиликтин консулдук каттоосунан өтүү керек экендигин эскертет. Консулдук каттоонун негизги максаты - АКШдагы жана Канададагы Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын сактоо (шайлоого катышуу), кабыл алуучу мамлекетте укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Элчиликте консулдук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Консулдук каттоонун жана биометрикалык маалыматтардын негизинде, 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарына ыңгайлуу болушу үчүн, онлайн режиминде катталууга болот, б.а. интернет аркылуу.
Консулдук каттоого элчиликти каттоонун тартиби жана талап кылынган документтердин тизмеси жөнүндө толук маалыматты АКШнын жана Канададагы Элчиликтин расмий www.mfa.gov.kg/washington веб-сайтынан алууга болот.
Кошумча суроолорнуздар болсо жана Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин консулу менен байланышуу зарылдыгы келип чыкса, каттарды kgconsulate.washington@mfa.gov.kg жана kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук даректерине жөнөтүңүз.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK