Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилиги америка үй бүлөлөрү тарабынан багып алынган кыргызстандык балдар үчүн «Кыргызстандын мурастар күнү» иш-чарасына катышты.

691

 

Ушул жылдын 15-16-июнунда америка үй бүлөлөрү тарабынан багып алынган кыргызстандык балдардын катышуусу менен «Кыргызстандын мурастар күнү» иш-чарасы болуп өттү.

15-июнунда кыргызстандык коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан кыргыз элинин маданиятын жана салттарын, мамлекеттик символдорун, улуттук ырларды жана бийлерди үйрөнүү боюнча сабактар өткөрүлдү, ошондой эле кыргыз музыкасынын чакан концерти уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев аталган иш чаранынын уюштуруучуларына  ыраазычылык билдирди жана кыргыз элинин маданияты жана салттары менен байланышты үзбөөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Программаны экинчи күнү, 2019-жылдын 16-июнунда балдар жана алардын ата-энелери кыргыз элинин боз үйүн курушту, кыргыз улуттук оюндары менен таанышып, аларга катышты, ошондой эле улуттук тамак-аштарды даамдап көрүштү.

 

 

 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK