"Кабар" МА: Кыргыз Республикасынын АКШдагы тышкы саясат жана элчиликтин иш боюнча негизги аспекттери – Болот Отунбаев менен маек

343

АКШын борбору Вашингтон шаарында дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн элчиликтери жайгашкан Эмбасси-Роу расмий эмес атка ээ көчөсү бар. Ошол катарда башкаларга окшогон эски имарат турат, бирок анын өзгөчүлүгү, анын бетинде Кыргызстандын чоң желеги илинип турат. Аны көрбөй калуу кыйын Массачусетс көчөсүнүн бурчунда турат, ал ушул көчөнүн расмий аталышы. Ал жакка келсек сыртын сырдап жаткан жумушчуну көрдүк, элчилик жаңы сыр жыттанып турган экен. Тышкы саясат ведомствонун иши туралуу, жердештерге элчилик тарабынан берилип жаткан жардам, жарандардын саны туралуу жана башка көп нерселер жөнүндө жарым жыл мурда дайындалган элчи Болот Отунбаев «Кабар» маалыматтык агенттигине айтып берди.

Маек башында Кыргызстандын элчиси, элчиликтин узун тарыхы жана биз көргөн жумушчуу дипломатиялык миссиясынын оңдоо жумуштарын бүтүрүп жатканы жөнүндө айтып берди. Ал эми, биздин дипломатиялык миссиясынын башчысынын айтымында, оңдоо жумуштары Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына туш келиптир.

"Өткөн учурдун жыйынтыктарын чыгарууга жана келечекке артыкчылыктарды түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болууда. Буга чейинкидей эле биз Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат кызматкерлери биздин мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын камсыз кылуу, биздин өлкөнүн аброюн сактап калуу жана эл аралык актуалдуу маселелерди чечүү процесстерине Республиканын активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн өз милдетибизди аткара беребиз", деп  белгиледи Элчи.

ТИМдин 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында Элчилик Кыргыз диаспорасы менен биргеликте 2019-жылдын 3-кварталында Огайо штатында көргөзмө өткөзүү пландаштырылганы туралуу айтып берди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын элчилигинин катышуусу менен Кыргыз маданиятын жана каада-салттарын жайылтуу максатындагы Цинциннати шаарында Кыргыз маданий борборунун ачылышы жана масштабдуу ишке киргизүүсү пландаштырууда.

Бул кызматка дайындоо күтүлбөгөн нерсе болду беле деген «Кабар» МАнин журналистинин суроосуна так жана чын «жок», деп жооп берди «Жарыяланга чейин бир жарым ай мурун билгем. Албетте, ошол өлкөнү изилдеп, даярдык көргөм. Келгенден кийин, ишке жигердүү кириштим. Алдыма коюлган маселердин көлөмүн эске алып, көнгөнгө убакыт болгон жок, ошондуктан ылайыкташуу тез өттү» деп айтып берди. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары өз өлкөсүнө кызмат кылуу чоң сыймык деп кошумчалады.

Элчинин айтымында, АКШга келгенден кийин кыска убакыттын ичинде, АКШ Президенти Д.Трампка Ишеним грамота тапшырды, АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Американын башка федералдык мамлекеттик органдары уюштурган саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы бир катар иш-чараларга катышты.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жаңы Элчиси катары алдына эмне маселе коюлгандыгын, өлкөнүн, дипломатиялык миссиянын өзгөчөлүктөрү менен таанышуга убакыт жетишкендиги туралуу жана өз ишинде кайсы негизги багыттарды пландаштырылганы тууралуу суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүн да  кое берген жокбуз.

Бул жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен кеңешме өткөрдү ошонун алкагында мамлекет башчысы тарабынан, айрыкча АКШ менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти жандандыруу зарылчылыгын белгиленгендигин маалымдап кетти.

«Менин оюмча бүгүнкү күндө, дүйнөнүн эң өнүккөн экономикасы менен мамилелерди позитивдүү өнүгүүгө жаңы түрткү боло турган шарттар бышып калды», деп Кыргыз Республикасынын АКШдагы дипломатиялык миссиянын башчысы өзүнүн ою менен бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын бардык элчиликтердин ишинин негизги артыкчылыктардын бири болуп саналган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон тышкары, Б.Отунбаевдин ою боюнча кыргыз жана америка ортосундагы кызматташтыктын ар тараптуу активдештирүүсү ал башкарган элчиликтин негизги артыкчылыгы болот.

«Бул жөнүндө, мен 2019-жылдын 8-апрелинде Ак үйдөгү жолугушууда АКШнын Президенти Д.Трампка ишеним грамоталарымды тапшырып жатканда айттым», деп бөлүштү.

Отунбаев амрикалык өнөктөштөр тарабынан ушундай  эле жооп сезилип жаткандыгын кошумчалады. «Акыркы бир нече жыл ичинде биринчи жолу биздин мамилелерде сапаттуу жылыштар болуп жатат: 2019-жылдын башынан тартып "жаңыртылган" кызматташуунун негизги принциптерин аныктоого арналган жаңы эки тараптуу макулдашуунун долбоорун биргеликте талкуулаганы баштап, бул жылы жайында Бишкекте 2015-жылдан бери өткөрүлбөгөн эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүү пландарыбыз бар» деп ал маалымдады.

Жогорку даражалуу дипломат суроого жоопту улантуу менен  АКШ тарабынан бардык тармактарда кызматташууга даярдыктын жакшы белгиси Бакиевдердин режими тарабынан уурдалган каражаттарын кайтарып берүү боюнча АКШнын Өкмөтүнүн чечими болду деп айтты. «АКШ менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу иши улантылат деген ишенимдебиз»

Баарлашуу учурунда инвестицияларды тартуу жана АКШ менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү биздин дипломатиялык миссиянын ишинде артыкчылыктардын бири экендиги белгилүү болду. Демократиялык өнүгүүгө колдоодон тышкары Кыргыз Республикасы АКШ менен практикалык кызматташтыкка үмүттөнөт, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициалык жана бизнес кызматташтыктын өнүгүүсү да бар.

«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык АКШнын штаттары  менен КРнын региондору ортосундагы кызматташтыкты түзүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүнү планга коюудамын», деп  маалымдады Элчи.

Америка коомчулугунун Кыргызстан жөнүндө ою кандай экендиги тууралуу сураганыбызда, Элчи «Парламенттик демократиянын өнүгүүсүнө өзгөчө маани бергендиги менен Кыргызстан абдан чоң жетишкендиктерге ээ болду. Ошону эске  алып американын коому Кыргызстандын жетекчилигинин кадамдардын абдан жакшы баалап жана өлкөдө демократиянын өнүгүүсүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүп жатышат»,  деп айтты.

Демократиялык өнүгүү жана парламентаризм тармагындагы Кыргызстандын региондогу ролу АКШда биздин өлкөнүн таанытма карточкасы болуп калды, өзгөчө америкалык өнөктөштөр менен расмий жолугушууларда байкалат бул көрүнүш.

Ал эми жалпы АКШнын калк арасында Кыргызстанды таануусу өтө төмөн бойдон калууда деп белгиледи, анын себептери эки өлкөнүн ортосундагы алыстыгы жана ар кайсы континентте жайгашканы. Бул көрүнүштөрдү Элчилик ар кандай көргөзмө, ярмарка, конференция, тегерек стол жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык иш-чараларга катышканда айрыкча сезилет.

«Ошого байланыштуу маалымдап кетчү нерсе ар кандай чоң иш-чараларды өткөрүүүчүн элчиликтин бюджетинин чектелгенине карабастан, биз кесиптештер менен бирге биздин өлкөнүн инвестициялык кызыкчылыктарын, маданиятын жана экспорттук, туристтик потенциалын алдыга жылдыруу үчүн ар кандай иш-чараларга катышканы аракетин кылабыз. Мындан тышкары, америкалык компаниялардын жана инвесторлордун арасында Кыргызстандын туралуу маалыматты жайылтуу максатында биз алардын катышуусу менен ар кандай видеоконференция, тегерек столдорду уюштурганга басым жасайбыз» - деп билдирди Элчи.

Элчи АКШда жашаган кыргыз диаспорасынын кыргыз элинин маданиятын, тилин жана каада-салттарын калк арасында жайылтуудагы  ролу маанилүү экендигин белгиледи. Былтыркы жылы Пенсильвания штатынын Филадельфияда жашаган кыргыз диаспорасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган спорт майрамын уюштурганын мисал келтирди. Ошондой эле жогорудагыдай иш-чара быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн алкагында Огайо штатында өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы белгилүү болду. Дипломатиялык миссиянын башчысынын айтымында, майрамдын маанилүү бөлүгү болуп, кыргыз мданиятын жана каада-салтын көрсөтүү үчүн, Цинциннати шаарында Кыргыз маданият борборунун расмий түрдө ачылышы болот.

Кыргыз маданиятын жана туризм мүмкүнчүлүктөрүн АКШда алга жылдырууда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүлүшүндө америка тараптын (100 делегат) абдан  жигердүү катышуусу, анын ичинде  “Көк-бөрү” улуттук оюнуна чон команданын катышуусу маанилүү түрткү бергенине элчи Б.Отунбаев өзгөчө көңүл бурду. 

 АКШ менен эки тараптуу келишимдери жөнүндө сөз кылып жатып, ушул жылдын жазында эки өлкө биргелешип жаңы эки тараптуу келишимди активдүү талкуулоого киришти, деп билдирди. Азыркы убакта иштелип чыккан алкактуу документтин негизги тексти боюнча эксперттик деӊгээлде макулдашуу жүрүп, эки өлкөнүн юристтеринин жолугушуусу жүрүп жаткандыгын айтты Б.Отунбаев. "Иш абдан активдүү жүрүп жатат", - деди ал.

Болот Отунбаевдин ар кайсы өлкөлөрдө элчи болуп иштеген тажрыйбасына байланыштуу, АКШнын алардан кандай айырмачылыктары бар экенин сурадык.

"Мен Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси болуп үч жылдан ашык иштедим. Ал жерде биздин жарандардын саны аз эмес. Баарыбызга белгилүү болгондой, Германия шенген визасын алууга жогорку талаптарды койгон, ошондуктан мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандары дээрлик жок. Германиядагы биздин жарандардын негизги контингенти бул студенттер ", - деп билдирди.

Б.Отунбаевдин айтымында, Россияда жагдай башкача. "Маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жарандарынын саны 600 миңден ашуун жана алардын 300 миңинен көбү Москвада жашашат. Ошол себептен, Элчиликтин иши, биринчи кезекте, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ", - деп билдирди элчи.

Дипломатиялык миссиянын башчысы, ошондой эле Дания, Новрегия, Швеция, Финляндия жана Арменияда дагы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп келген.

"Менин АКШдагы жарым жылдык иш тажрыйбам жана америкалыктар менен биринчи байланышым боюнча, бул өлкөнүн эли акыркы жыйынтыкка эмес, анан аткарылыш процессине көбүрөөк көнүл бөлө турганын айтсам болот. Ошондуктан америкалыктар, кыргызстандыктарга же башка постсоветтик же европалык өлкөлөргө караганда, көп формалдуу, бюрократтык эмес экен. Мындай прагматикалык мамиле Бишкек жана Вашингтон биргелешип эки тараптуу мамилелерди жаңы мазмуну менен толуктоого мүмкүндүк берерине ишенем", - деп билдирди Болот Отунбаев.

Маалымат агенттиги Кыргыз Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын Элчисинен Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана Америка Кошмо Штаттарында Кыргыз Республикасынын маалымдуулугун жогорулатуу максатында кандай иш-чараларды ишке ашыруу пландаштырылуусу менен кызыкты.

"Белгилүү болгондой, Кыргызстандын ар бир чет өлкөдөгү мекемелеринин негизги маселелеринин бири болуп кабыл алуучу өлкө менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө болуп саналат , анын ичинде Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды тартуу ", - деди Б.Отунбаев. Бул милдетти аткаруу үчүн Элчилик ар дайым эки тараптуу жана көп тараптуу тематикалык жолугушууларды, тегерек столдорду, бизнес угууларды, видеоконференцияларды, ошондой эле көргөзмөлөрдү, ярмаркаларды,  ар кандай иш-чараларды уюштуруп, жыйындарга жана башка иш-чараларга жигердүү катышып турат. Элчинин айтуусу боюнча, Элчилик биринчи жарым жылдыгында 20га жакын  иш-чараларды өткөрдү.

2016-жылы Элчиликтин демилгеси менген түзүлгөн Америка-Кыргыз ишкердик кеңешинин курамына кирген ири америкалык "General Electric", "AGCO", «Baker & McKenzie LLP», «Coca-Cola», «Visa», «American Councils» жана «Hyatt Regency Bishkek» ири компаниялары соода жана салык кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү ролду ойной тургандыгына Б.Отунбаев көңүл бөлдү.

АКИКтин патронажы менен 2019-жылдын 29-мартында Вашингтон шаарында  Борбор Азияда ишкердикти  алып баруу  маселелери боюнча панелдик дискуссия болуп өттү, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Афганстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын катарында мен дагы сөз сүйлөдүм.

Ошондой эле панелдик дискуссияга АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин, АКШнын Мамлекеттик департаментинин, АКШнын Соода өкүлчүлүгүнүн, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин, ар кандай секторлордогу америкалык компанияларынын, эксперттик коомчулуктун жана АКШнын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Аталган иш-чарага мамлекеттик органдардын, ири америкалык компаниялардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктардын жана билим берүү мекемелеринин башчылары жана өкүлдөрү катышты, - деп билдирди элчи.

Элчи Б.Отунбаев өз сөзүндө, Кыргызстандын инвестициялык, экономикалык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, ошондой эле өлкөдө коопсуз ишкердик жүргүзүүгө камсыз кылуу үчүн өкмөт тарабынан жасалган аракеттери боюнча, Кыргызстанда чет элдик ишканалар коопсуз кылтыруунун, ошондой эле биздин өлкөдөгү чет элдик, ишкерлер үчүн саясий жана паракорчулук коркунучтарды жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, АКШ менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, чет өлкөдө кыргыз азык-түлүктөрүн экспорттого көмөк көрсөтүүгө, мамлекетибизге инвестиция тартууга, ошондой эле АКШда биздин өлкөнүн келечектүү өнөктөш катары маалыматтуулугун жогорулатууга багытталган көптөгөн маселелердин бири болуп саналат .

Кыргыз дипломатиялык миссиясынын башчысы Бишкектеги АКШнын элчилиги тарабынан эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жайылтууга багытталып жаткан чаралардын дагы маанилүү зарылчылыгына көңүл бөлдү. "Тактап айтканда, жакында эле америкалык тарап уюштурган видео жыйын учурунда АКШнын өкмөттүк уюмдарынын жана жеке компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнө өз мекемелеринин ишмердүүлүгү боюнча маалымат тартуулашты жана кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулашты", - деп элчи маалыматы менен бөлүштү.

Элчинин пикири боюнча экономика чөйрөсү Кыргызстандын жана АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналгандыктан, элчилик мындан ары аны өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн жигердүү иш алып барарын билдирди.

АКШда Кыргызстандын көптөгөн жарандары билим алып жана иштеп, жашагандыктан, "Кабар" маалымат агенттигине  биздин жарандардын укуктарын коргоо жана аларды колдоо боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлөрү кызык болду. Ошондой эле Б.Отунбаевден биздин жарандардын  үчүн статистикасы жөнүндө, канча киши жашарын кызыгып сурадык.

Б.Отунбаевдин айтуусу боюнча, дүйнө жүзүндөгү адамдардай эле биздин эл да дүйнө жүзү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири болуп келген АКШга иштөө, окуу жана ишкердик саякаты кызыктырат.

Дипломатиялык миссиянын консулдук каттоосунда расмий түрдө 5000ден ашуун кыргыз жарандары убактылуу же туруктуу катталган деп белгиледи. "Ошондой эле бул статистика АКШдагы биздин жарандардын чыныгы санын кескин түрдө чагылдырбашын белгилеп кетүү керек. Оозеки алынган маалыматка караганда, АКШда Кыргызстандын 20 миңден ашык жарандары  жашайт" - деди Б.Отунбаев.

Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык миссиясынын башчысынын айтымында, Элчилик күн сайын Кыргыз Республикасынын жарандарына карата бир катар консулдук иш-аракеттерди жүргүзөт. Мындан тышкары, элчиликке үзгүлтүксүз келе албаган жарандар үчүн АКШ жана Канадада тыгыз жашаган жерлерде мекендештер менен тышкы консулдук жыйыны өткөрүлүп турат. Бул тажрыйба, элчинин айтымына ылайык, жарандардын арасында жакшы ой-пикирге ээ болду. Мындан тышкары, жума сайын Элчиликтин сайтында Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматы берүү жөнүндө маалымат жарыяланып турат.

Өзүңөргө белгилүү болгондой эле, АКШда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жалпысынан алганда негизинен Чикаго, Нью-Йорк, Филадельфия, Цинциннати жана башка ири шаарларда топтолгон. АКШдагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын коомчулугу ынтымактуу, эгемендүү жана көз карандысыз деп мүнөздөөгө болот ", - деп билдирди КР АКШдагы элчиси Б.Отунбаев маегибиздин жыйынтыгында.

 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK