Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин " "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" юбилейлик медалы менен сыйлоо тууралуу

150

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги, Россия Федерациясынын АКШдагы элчилигинин аракеттери менен Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын жараны Кибраева Асымкул Кибраевнаны "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" юбилейлик медалы менен сыйланды.

Маалымат үчүн: "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" медалы бул Россия Федерациясынын юбилейлик медалы, ал Россия Федерациясынын Президентинин жарлыгы менен 2019-жылдын 13-июнунда түзүлгөн.

Кибраева Асымкул Кибраевна - Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде тылда эмгектенген жана төмөнкү сыйлыктарга ээ:

1. "1941-1945-жылдардагы Экинчи Дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны жеңгендиги үчүн" медалы;
2. "СССРдин Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы;
3. Улуу Ата Мекендик согуштун 20 жылдыгына, 30 жылдыгына, 40 жылдыгына жана Жеңиштин 50 жылдыгына арналган юбилейлик медалдар ";
4. "Эмгек ардагери" медалы;
5. Соода министрлигинин жана Мамлекеттик соода жана керектөө кооперативинин жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитетинин Ардак грамоталары.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын жараны Кибраева Асымкул Кибраевнаны "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" юбилей медалы  жана Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайт!

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK