Ушул жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулу Рустам Кошонов кыргыз делегациясынын мүчөлөрү менен биргеликте айыл чарба жана күнөскана тармагына арналган «Growtech 2022» эл аралык көргөзмөсүнө катышышты.

Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана агроөнөр жай тармагындагы ата мекендик ишкерлер кирди.
«Growtech 2022» көргөзмөсү ушул жылдын 23–26-ноябрында өтүп жаткан дүйнөдөгү эң ири көргөзмөлөрдүн бири. 2022-жылы бул иш-чара 21-жолу өткөрүлөт жана жыл сайын ага болгон кызыгуу тынымсыз өсүүдө.
Көргөзмөгө катышуу учурунда кыргыз делегациясы табигый жана органикалык продукцияны өндүрүүдө колдонулуп жаткан, Кыргыз Республикасындагы продукцияларды өндүрүүдө колдонула турган жаңы технологиялар менен таанышты. Ошондой эле көргөзмөдө күнөскана куруу, күн батареялары жана айыл чарба техникасы тармагындагы заманбап инновацияларды колдонуу менен жаңылыктар жана тенденциялар көрсөтүлдү.
Чет элдик компаниялар менен жолугушуулардын алкагында мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди. Пландарда чет элдик компаниялардын Кыргыз Республикасына иш сапары, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана келишимдерди түзүү каралган.