2023-жылдын 23-январында Башкы консул Рустам Кошонов кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов менен жолугушту

Жылуу жана достук маанайда маектешкендер Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө талкуулашты. Башкы консул көрүнүктүү жазуучунун ысымына байланыштуу жакынкы аралыкта маданий иш-чараларды өткөрүү пландары менен ой бөлүштү.
Ошондой эле, Башкы консулдук Санжар Айтматов менен Муратпаша районунун мэри Умит Уйсал мырза менен жолугушуусун уюштурууга көмөк көрсөттү.