Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Маутхаузен концлагеринин бошотулушунун 79 жылдыгына арналган расмий эскерүү аземине катышты

498

2024-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги  кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Маутхаузен концлагеринин бошотулгандыгынын 79 жылдыгына арналган расмий эскерүү аземине катышты.

Расмий эскерүү аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атынан концлагердин борбордук эстелигинин алдына жана Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Австриянын аймагында курман болгон кыргызстандык жоокерлердин урматына чегерилген мемориалдык тактага гүл чамбарлар коюлду.

Аза күтүү иш-чарасына концлагерде курман болгон жана аман калган туткундардын тууган-уруктары, чет өлкөлөрдүн делегациялары, Австриядагы дипломатиялык миссиялардын башчылары жана кызматкерлери, ардагерлер, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Расмий эскерүү аземине Австриянын Федералдык президенти Александр Ван дер Беллен катышты.

Маалымат үчүн: Маутхаузен концлагери 1938-жылы курулган жана Австриянын аймагындагы эң ири нацисттик концлагерь болуп саналат. Бул жерде 200 миңден ашуун туткундар кармалган, алардын 90 миңге жакыны каза болгон. Концлагерь 1945-жылдын 5-майында бошотулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK