Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилигинин Вена шаарында жыл сайын өтүүчү футбол боюнча мелдешке катышуусу жөнүндө

399

2024-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Казакстан жана Түркмөнстандын дипломаттары менен биргеликте “Борбордук Азия” деп аталган бирдиктүү команда түзүп, Австриянын тышкы жана европалык иштер боюнча федералдык министерствосу уюштурган Вена шаарындагы дипломатиялык корпустун жыл сайын өтүүчү эл аралык футбол турнирине катышты.

32 команда 8 тайпага бөлүнүп, анда оюндар айлампа түрүндө өткөрүлдү. “Борбордук Азия” курамасы “Е” тайпасынан алдыга чыгып, алар Румыния, Грузия/Лихтенштейн жана АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн командалары менен ат салышты.

Плей-офф баскычында Пакистандын элчилигинин жана БУУнун командаларын утту. Финалда Франциянын элчилигинин командасы менен жолугушуу болду. Негизги убакыт 1:1 эсеби менен аяктады. Пенальтиде француз дипломаттары 3:2 эсебинде жеңишке жетип, башкы дипломатиялык кубок менен сыйланышты. 

“Борбордук Азия” курама командасы ардактуу экинчи орунду ээледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK