Акыйкатчы Т.Мамытов Екатеринбург шаарында Кыргызстандыктар менен жолугушуу ѳткѳрдү

461

2021-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, Россиянын Урал федералдык аймагындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын активистери, Кыргызстандын Акыйкатчысынын коомдук ѳкүлдѳрү менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Т.Мамытов Акыйкатчы Институтунун укук коргоо ишмердүүлүгү тууралуу айтып, мекендештерге 2020-2021-жылдары кыргыз элине көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө айырмалангандарга грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндѳ катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди. 

Акыйкатчы Т.Мамытов Свердлов облусуна россия тараптын чакыруусунун негизинде эл аралык эксперт катары келип, Россиянын Мамлекеттик Думасына, регионалдык Мыйзам чыгаруу жыйынына жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлчүлүктөрүнө депутаттарды шайлоо иш-чараларына катышуу үчүн келген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK