Башкы консулу Р.Бийбосуновдун В.Козлов менен жолугушуусу жѳнүндѳ

492

2021-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов менен жолугушту.

Р.Бийбосунов россия тарапка Кыргыз Республикасынын жарандарын Свердлов облусунда эмдөөдөн өткөргөндүгү үчүн, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун, анын аты ыйгарылган Бишкектеги паркта орнотулган эстелигин жаңылоо долбоорун ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар аймактар аралык кызматташуу, ошондой эле алдыдагы эки тараптуу иш-чараларга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK