Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун жаңыланган эстелиги жакынкы күндөрү Бишкеке жеткирелет

440

2021-жылдын 23-ноябрында Свердлов облусунан унаа менен өзгөчө жүк - Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун жаңыланган эстелиги Кыргыз Республикасына жөнөп кетти.

Эстелик жүктѳлгѳн автоунааны Бишкек шаарына узатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов жана «Дубровин» эстелик куюучу устаканасынын жумушчулары катышты.

И.В.Панфиловдун эстелигин реконструкциялоо долбоору Кыргыз-Орус аймактар аралык маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында, Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтү тарабынан облустук губернатору Е.В.Куйвашевдин жеке камкордугунун астында ишке ашырылган. Эстелик Свердлов облусу тарабынан Кыргыз Республикасынын борбор шаарына белеке берилет.

Колодон жасалган скульптура Иван Юрьевич Дубровиндин жетекчилиги астындагы «Дубровин» эстелик куюуучу устаканасынын тарабынан Бишкектеги Панфилов И.В. паркындагы эстеликтин түп нускасынын кѳчүрмѳсүнүн негизинде куюлган.

Жаңыланган эстеликтин ачылыш аземи 2021-жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарындагы сейил багында, Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда боло тургандыгы пландаштырылган. Бул азем Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москванын жанында фашисттик баскынчылар менен советтик аскерлердин чечүүчү салгылашууда генерал И.В.Панфиловдун башчылыгы астында 316чы (8-гвардиялык) аткычтар дивизиясынын аскерлеринин эрдигинин 80-жылдыгына карата өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково жолундагы салгылашта Москваны фашисттик баскынчылардан коргоо учурунда 316чы (8-гвардиялык) аткычтар дивизиясынын 28 жоокери немецтердин жыйырмага жакын танкасын жок кылып, ошону менен душмандын чабуулун токтотушкан. И.В.Панфиловдун эстелиги кыргыз жергесинде 1942-жылдын ноябрь айында тургузулган. Ал бүткүл Советтер Союзунда биринчи болуп Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырларын түбөлүккө калтырган.

Панфилов дивизиясы 1941-жылдын июнь — август айларында түзүлгѳн. Дивизиянын негизги түптѳлүшүн Кыргызстан менен Казакстандын тургундары түзгѳн. Дивизиянын командири генерал-майор И.В.Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK