Башкы консулдуктун кызматкерлеринин СИЗО-1-ге баруусу жөнүндө

421

2021-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Свердлов облусу боюнча башкы башкармалыгынын СИЗО-1-ге барышып, ал жерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү мекендештер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, укуктук жана башка маселелер боюнча консультацияларды беришти.

Аталган мекеменин жетекчиси менен өзүнчө жолугушуу болуп, анда КР жарандарын тергөөдө маалындагы кармоо маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK