Башкы консулдуктун өкүлү кыргызстандык студенттердин УрФУдагы жолугушуусуна катышты

493

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери Жусупакмат Турдумаматов конок катары Урал Федералдык Университетинде (УрФУ) ѳткѳн  кыргызстандык студенттердин коомчулугунун отчеттук-шайлоо боюнча чогулушуна катышты.

Башкы консулдуктун өкүлү студенттерге ийгиликтүү окууларды, коомчулукта жемиштүү ишмердүүлүктөрдү каалап, ошондой эле кыргызстандыктарды 2021-жылдын 28-ноябрында Екатеринбургдагы Башкы консулдуктун алдында түзүлгөн шайлоо участкасында өтүүчү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Сүймөнкул Чокморов Фондунун Башкармалыгынын төрагасы, УрФУнун бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын (УПИ) Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгүнүн башкармалыгынын төрагасы С.У.Абдрахманов өзгөчөлөнгөн студенттерге Фонддун стипендиясын жана Ассоциациянын атынан Ардак грамоталарды тапшырды.

Студенттер менен болгон жолугушууга ошондой эле УрФУнун эл аралык байланыштар боюнча проректорунун орун басары С.Г.Тушин, биринчи проректордун орун басары, жаштар менен иштөөнү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.В.Пономарев, университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын ардактуу Төрагасы УрФУ (УПИ) Ж.С.Белеков жана башкалар катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK