«Фахретдинов окуулары» аттуу бүткүл россиялык илимий-практикалык конференцияга катышуу жөнүндө

981

2021-жылдын 2-декабрында Свердлов облсусунун Верхняя Пышма шаарында «Мусулман диний уюмдары экстремизмге жана сабырсыздыкка каршы турууда» темасында кезектеги бүткүл россиялык илимий-практикалык «Фахретдинов окуулары» аттуу конференциясы болуп өттү. Пленардык жыйындын жүрүшүндө Башкы консулдуктун кызматкери КР Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун атынан катышуучуларга куттуктоо кайрылуусун окуп берди.

Өз кайрылуусунда Башкы консул конференциянын бардык катышуучуларына бакубатчылыкты, иштеринин жемиштүү болушун жана алдыдагы окууларга ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын, чет өлкөлөрдүн консулдук мекемелеринин, облустун руханий бирикмелеринин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар жана саясат таануучулар катышышты.

Конференциянын алкагында радикалдык маанайдын жайылышына каршы күрөшүүдө профилактикалык чараларды көрүү үчүн мусулмандардын руханий уюмдарынын административдик жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн аспектилери талкууланды; орто жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин, жаштардын коомдук бирикмелеринин арасында экстремизмди жана сабырсыздыкты алдын алуу; эмгек мигранттарын социалдаштыруу максатында мусулман диний лидерлеринин динчилдер менен насаатчылык жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK