Башкы консул Р.Бийбосунов Урал федералдык университетинин Проректору С.Тушин менен жолукту

212

2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда Башкы консул Р.Бийбосунов, Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин эл аралык байланыштар боюнча Проректору С. Тушин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда, 2022-жылдын 8-майында Екатеринбург шаарында пландалып жаткан Тогузунчу Кыргыз - Орус региондор аралык конференциясынын алкагында өтүүчү Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖнын ректорлорунун II Форумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Проректор С.Тушин УрФУнун ректору В.Кокшаровдун Бишкекке болгон иш сапары тууралуу маалымат берип, анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев жана КР ЖОЖлар ассоциациясынын директору А.Мусаев менен жолугушкандыгы жөнүндө айтты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK