Башкы консул Екатеринбург шаарындагы «Широкореченский» аскер-мемориалдык комплексинде салтанаттуу аза күтүү аземине катышты

465

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Екатеринбургдагы «Широкореченский» аскердик-мемориалдык комплексинде Түбөлүк отко гүл коюуга катышты. 

22-июнда Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 81 жылдыгына карата өткөн салтанаттуу жана аза күтүү аземине Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев, Россиянын Президентинин Урал федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Владимир Якушев, Свердлов облустунун мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Людмила Бабушкина, Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, аскер, дин кызматкерлери, коомдук жана ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле чет элдик консулдук мекемелердин жетекчилери катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK