Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана "Уралплемцентр"АКнун жетекчилиги менен онлайн жолугушуу болуп өттү

568

2022-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштурууга  жардам көрсөтүүсү менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жооптуу кызматкерлери менен "Уралплемцентр" акционердик коомунун (РФ Свердлов облусу) жетекчилигинин видео-конференц-байланыш режиминде жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда, Министрликтин тиешелүү департаменттери жана ведомстволук мекемелеринин ортосунда, "Уралплемцентр" АК менен урук продукцияларын жеткирүү жана Кыргызстандын чарбаларында эт-сүт багытындагы бодо малдарынын асыл-тукум сапаттуулугун жакшыртуу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргыз тараптын чакыруусу боюнча "Уралплемцентр" АКнын делегациясы 2022-жылдын 20-октябрынан 23-октябрына чейин Бишкек шаарында боло турган "АгроТехЭкспо - 2022" жана  агроөнөр жай "Алтын күз" айыл чарба көргөзмөлөр катышат.

Ошондой эле тараптар кызматташтык жөнүндө Меморандумдун долбоорун даярдоо жөнүндө макулдашышып, Бишкекте боло турган жолугушуу учурунда кол кою тууралуу пландаштырышты.

Сүйлөшүүлөргө Башкы консул Руслан Бийбосунов катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK