Башкы консулдукта Екатеринбург шаары боюнча диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

2023-жылдын 25-январында Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана Кыргызстандын аймактарынан келген жарандардан түзүлгөн жамааттардын жана жердештиктердин лидерлери менен кезектеги жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу муктаж болгон мекендештерге практикалык жардам көрсөтүү боюнча актуалдуу маселелерди чечүүдө, Екатеринбург шаарында кыргызстандыктарга Орусия Федерациясынын миграциялык мыйзамдары жөнүндө маалымат берүүдө Башкы консулдук менен коомчулуктар жана жердешчиликтердин өз ара аракеттенүүсүн улантуу максатында өткөрүлдү.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган кызматкери тааныштырылды.
Жергиликтүү мыйзамдарын сактоо, укук бузууларды алдын алуу, жаштарды тарбиялоого багытталган түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү зарылчылыгына өзгөчө көӊүл бурулду.