Екатеринбургда дайынсыз жоголгон бала табылды

2023-жылдын 28-январында Екатеринбург шаарынын Железнодорожный районунда дайынсыз жоголгон он бир жаштагы Н.А. тирүү жана зыянсыз табылды.
Баланын жоголушу боюнча ата-энеси - Кыргызстандын жарандары арыз менен Россиянын ИИМнин Екатеринбург шаары боюнча №11 полиция башкармалыгына үстүбүздөгү жылдын 29-январында, ал эми КРнын Башкы консулдугуна 30-январында кайрылышкан.
Баланы издөөгө полиция кызматкерлеринен тышкары волонтердук уюмдар, кыргызстандык мекендештер, Башкы консулдуктун кызматкерлери да кошулган.
Жоголгон баланы волонтерлер таап, полиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Баланын ата-энеси полиция бөлүмүнө чакырылды.