Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз-герман мамилелери

Мамилелердин укуктук фундаментин Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы мамилелердин негиздери тууралуу 1992-жылдын 4-июлундагы Биргелешкен билдирүү жана Дипломатиялык мамилелерди түзүү жɵнүндɵ 1992-жылдын 3-февралындагы документ түзүшɵт.

Кыргызстан Германияны Европадагы эң маанилүү ɵнɵктɵштɵрдүн бири катары эсептейт. Эки тараптуу мамилелер салттуу жакшы жана достук байланыштардын фундаментине ээ.

Эки тараптуу ɵз ара аракеттенүүгɵ жалпы позитивдик багытка жогорку деңгээлдеги кыргыз-герман саясий диалог түрткү берет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 2012-, 2015- жана 2017-жылдардагы Германияга болгон сапарлары кыргыз-герман кызматташтыгынын тарыхынын маанилүү бɵлүгүн түзɵт.

2016-жылдын июль айындагы Кыргызстанга болгон Германиянын Федералдык канцлери А.Меркельдин расмий сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхында зор жана принципиалдуу мааниге ээ.

Германия 2007-жылы Европа бирлигиндеги тɵрагалыгынын алкагында «Борбор Азия боюнча Европа бирлигинин стратегиясынын» демилгечиси болуп эсептелет.

Өкмɵттɵр, ведомстволор жана парламенттер аралык деңгээлдеги эки тараптуу сапарлар жана үзгүлтүксүз контакттар эки тараптуу тыгыз ɵз ара аракеттенүүгө болгон кызыкчылыкты билдирет.

Германия менен Кыргызстандын саясий тармагындагы активдүү ɵз ара аракеттенүүсү негизинен Германиянын Экономикалык кызматташтык жана ɵнүктүрүү федералдык министрлиги аркылуу финансы-техникалык кызматташтыктын ийгиликтүү ишке ашырылышына таасир берет.

Кыргызстан Европада жана дүйнɵдɵ экономикалык жактан ɵнүккɵн ɵлкɵ болуп саналган Германия менен экономикалык кызматташтыкка кызыктар. Айыл чарба, энергетика, туризм жана башкалар кызматташтыктын перспективалык багыттары болуп саналат.

Азыркы учурда Кыргызстан «Кыргызстанда жасалган» аттуу маркасы менен продукцияны Европа рыногуна киргизүүгө шарт түзгɵн Европа бирлиги тарабынан Кыргызстанга берилген «ВСП+» статусунун алкагында Германия жана Европа менен кызматташтыкка кызыктар.

Этникалык немистер менен тарыхый байланыштардын болгондугу эки ɵлкɵнү жакындаштыруунун маанилүү стимулу болуп эсептелет.

Элдердин ортосундагы руханий жана маданий байланыштар мамилелердин негизги бɵлүгү болуп эсептелет. Кыргызстандагы этникалык немистер мамилелердин фундаменти, кызматташтыктын ɵзгɵчɵ кɵпүрɵсү болуп калууда.

Маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтык эки тараптуу кызматташтыктын ичинде борбордук орунга ээ. Аталган кызматташтыктын түрү ар кандай иш-чараларды камтыйт, анын ичинде концерттер, кɵргɵзмɵлɵр, жогорку окуу жайлар ортосундагы ɵнɵктɵштүк, академиялык жана билим берүү алмашуулары.

Германия менен келишимдик-укуктук база Европа бирлигинин ɵлкɵлɵрү арасында эң кеңири жана кызматташтыктын бардык тармактарын камтыйт.

Кыргыз-чех мамилелери

Чехия Республикасы 1993-жылдын 1-январында Кыргыз Республикасынын кɵз карансыздыгын таанып, ушул күндɵн тартып эки ɵлкɵнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгɵн.

Чехия Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасында аккредитацияланган (резиденциясы Астана шаарында).

Чехия Республикасы менен кызматташтык Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги аркылуу жүргүзүлɵт.

Кызматташтык жылдары Кыргызстан менен Чехия ортосунда жогорку деңгээлде бир катар сапарлар ɵткɵрүлдү: 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Чехияга расмий сапар менен барган,
1999-жылы Чехиянын Премьер-министри М.Земан расмий сапар менен Кыргызстанга барган, 2004-жылы Чехиянын Президенти В.Клаустун Кыргызстанга расмий сапары ɵткɵрүлгɵн.

2016-жылы Чехия Республикасынын Парламентинин депутаттар палатасынын тɵрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен барган.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тɵрагасы сапар менен Чехия Республикасына барган.

2017-жылдын 25-январында Бишкек шаарында Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулдугу ачылган.

1996-жылдан тартып Кыргызстан Эл аралык Университети менен Карлов Университетинин (Чехия) ортосуда байланыштар түзүлгɵн.

Чехиянын Ɵкмɵтү жогорку окуу жайларда билим алууга кыргызстандык студенттерге бакалавриат, магистратура жана докторананртура программаларынын айыл чарба, медицина, техникалык жана экономикалык илимдер кесиптери боюнча ар жылы стипендия ыйгарып турат.

Кыргыз-польшалык мамилелер

Польша Республикасы 1991-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын кɵз карандысыздыгын тааныган.

Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-февралында түзүлгɵн.

Польша Республикасынын Казакстан Республикасынданы Элчилиги Кыргыз Республикасында аккредитацияланган (резиденциясы Астана шаарында).

Польша Республикасы менен кызматташтык Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги аркылуу жүргүзүлɵт.

Президенттик деңгээлде 1998- жылы жана 2004-жылы эки өз ара расмий сапар ɵткɵрүлдү. 2002-жылы Польшанын Президентинин Кыргызстанга расмий сапары болуп ɵттү. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Польшага сапар менен барган.

Парламенттер аралык деңгээлде 2012-жылы Кыргызстанга Польшанын Сейминин Тɵрагасынын орун басары жетектеген делегация келип кеткен.

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-польшалык ɵкмɵттɵр аралык комиссия түзүлгɵн. Кыргыз тарабынан бул комиссиянын тең тɵрагасы Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ал эми польшалык тараптан - Польша Республикасынын Экономика министринин орун басары болуп саналат.

1999-жылы Алматы шаарындагы Польшанын Элчилигинин активдүү катышуусу менен Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде поляк тили бɵлүмү ачылган.

1998-жылдан тартып Кыргызстанда «Одродзение» (Кайра жаралуу). польшалык маданий-агартуу бирикмеси иштеп келет.

Кыргыз-ватикан мамилелери

Ватикан 1992-жылдын 1-январында Кыргыз Республикасынын кɵз карансыздыгын тааныган.

Кыргыз Республикасы менен Ватикандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 27-августунда түзүлгɵн.

Ватикандын Кыргыз Республикасындагы ɵкүлчүлүгү Астана шаарындагы резиденциясы менен акккредитацияланган.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Ватиканда аккредитацияланган.

1992-жылы Бишкекке Кыргыз Республикасындагы Ыйык Тактынын Атайын ɵкүлү болуп дайындалган Архиепископ Франческо Коласуонно келип кеткен.

1994-жылы Бишкекке Ыйык Тактыктын ɵкүлү Архиепископ Мариан Олеш келип кеткен.

1999-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Италия Республикасына сапар менен барып, анын алкагында Рим Католикалык Чиркɵɵсүнүн башчысы Рим Папасы Иоанн Павел II жана Ватикандын Мамлекеттик катчысы (ɵкмɵт башчысы) кардинал Садано менен жолугушуулар ɵткɵрүлдү.

Рим Папасы Бенедикт VXI тарабынан түзүлгɵн Кыргыз Республикасындагы католиктердин Рим Апостолдук Нунциатурасы ишин жүргүзүүдɵ.