Улуу Ата-Мекендик согушта Берлиндин жанында курман болгон Сержант Бакалеев Сарымсактын жалгыз кызы 1941-жылы туулган Эгембердиева Токтобүбү уулдары менен Германияга келишип, 29-апрелде атасынын жаркын элесин көрүстөнүнө барып эскеришти.

1208

Сержант Бакалеев Сарымсак 1910-жылы туулган жана 1941-жылы Фрунзе шаарынан Улуу Ата-Мекендик согушка чакырылып 134-аткычтар дивизиясынын курамында Германияга чейин жеткен.

Сержант Бакалеев Сарымсак 1945-жылдын 20-апрелинде Берлинге багытталган жолдогу Зеелов аттуу бийиктиктерин багынтуу боюнча кандуу салгылашууда каза болгон. Ал 134-аткычтар дивизиясынын 738-аткычтар полкунун аткычтар бөлүмүнүн командири болгон. Азыркы Бранденбург федералдык жериндеги Альт-Малиш аттуу жергесинде советтер солдаттарынын мүрзөсүндө коюлган.

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн сержант Бакалеев Сарымсак каза болгондон кийин “Ата Мекендик согуштун II даражадагы” Ордени менен сыйланган.

Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги, Россиянын Германиядагы Элчилигинин жана Бранденбург Федералдык жеринин Ички иштер министрлиги менен бирге, сержат Бакалеев Сарымсактын атын түбөлүккө калтыруу максатында анын аты менен мемориалдык тактанын жасалышына көмөк көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK