2021-жылдын 18-ноябрында Берлин шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Норвегия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Норвегиянын Королу Харальд V ишеним грамотасын тапшырды

1557

2021-жылдын 18-ноябрында Берлин шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Норвегия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Норвегиянын Королу Харальд V ишеним грамотасын тапшырды.

Королдук сарайында өткөн аудиенция учурунда Элчи Эрлан Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан салам айтып, жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Элчи Кыргыз Республикасындагы учурдагы саясий кырдаал, саясий жана экономикалык реформалардын негизги багыттары тууралуу маалымат берди, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы эки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин ырастады. 

Ошондой эле тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун негизги маселелери боюнча ой бөлүштү, энергетика жана энергиянын жаңылануучу булактары тармагында өз ара аракеттешүү келечектери жана 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын биргелешип майрамдоо боюнча пландарды талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Норвегиянын Королу Харальд V Элчи Эрлан Абдылдаевге дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK