Норвегиянын Королуна Харальд V Ишеним грамотасын тапшыруу аземи алкагында КРдин Норвегиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев бир топ жолугушууларды өткөрдү

1247

2021-жылдын 17-19-ноябрында Норвегиянын Королуна Харальд V ишеним грамотасын тапшыруу аземине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы резиденциясы менен Норвегия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысынын орун басары Торгиер Ларсен, Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Коопсуздук саясаты департаментинин башкы директору Кнут Хауге, Норвегиянын кызматташуу боюнча агенттигинин башкы директору Бард Вегард Солиэл, ошондой эле Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Башкы директордун орун басары - Мамлекеттик протоколунун директорнун орун басары Мариус Дирдал менен жолугушууларды өткөрдү.

Жогорудагы жолугушуулардын жүрүшүндө маектештер Кыргыз Республикасындагы учурдагы саясий абал, саясий жана экономикалык реформалардын негизги багыттары тууралуу маалымат алышты, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуу, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн келечектеги маселелерин кеңири талкуулашты.

Маектештер өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай тармактарына инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди көрүү, коронавирус илдетинин андан ары жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү зарылдыгын белгилешти, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен иш-чараларын өткөрүүнү макулдашты.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кыргыз-норвегиялык мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү максатында Норвегиянын кызматташуу боюнча агенттиги (NORAD) менен кызматташууну кайра жандандырууну талкуулашты.

Бул сапардын алкагында Элчи Эрлан Абдылдаев Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун Экономикалык статистика жана эл аралык иштер Департаментинин директору Лассе Сандберг менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Эрлан Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен 15 жылдык жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди, анын жыйынтыгында кызматташтыктын 4 фазасы ишке ашырылган, ошондой эле эки өлкөнүн статистикалык органдарынын мындан аркы кызматташуусун улантуу боюнча пикир алмашты.

Андан тышкары, Норвегиянын дипломатиялык корпусунун Дуайени, Мьянма Союз Республикасынын Элчиси Дау Мо Мо жана Норвегиянын Ардактуу консулдары клубунун президенти Джон Эрлинг Тенвик менен жолугушуулар болуп өттү, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Норвегиядагы Элчилигинин дипломатиялык корпусу менен кызматташуусу талкууланып, ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын Норвегиядагы Ардактуу консулун дайындоо тууралуу пикир алышты.

Элчи Эрлан Абдылдаев Норвегияда жашаган мекендештер менен дагы жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ар тараптуу  маселелер, анын ичинде консулдук маселелер талкууланды. Элчи кыргызстандыктарды активдүү жарандык позицияны көрсөтүп, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга чакырды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK