2022-жылдын 23-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушту

605

2022-жылдын 23-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин

Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүү, быйылкы жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында биргелешкен иш-чараларды жана өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Бишкек шаарында ушул жылдын 13-14-июнунда боло турган Кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму тууралуу билдирди.

Эл аралык кырдаал, Кыргыз Республикасы менен Европалык Биримдиктин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү жана ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир жана маалымат алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK