2022-жылдын 3-4 – июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Швециянын Стокгольм шаарына консулдук барууну пландаштырууда.

789

2022-жылдын 3-4 – июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Швециянын Стокгольм шаарына консулдук барууну пландаштырууда.

Өтүүчү жери жана убактысы: Franstorpsvägen 13, 172 66 Sundbyberg, Стокгольм, Швеция. Кабыл алуу 9.00дөн 21.00гө чейин жүргүзүлөт.

Бул сапардын алкагында Швецияда, Норвегияда, Данияда туруктуу жана убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү пландаштырылууда. Тактап айтканда, улуттук паспортторду берүү (ID-карта, эл аралык паспорт), нотариалдык кызматтар, суратып алдыруу, консулдук каттоо, ошондой эле консулдук-укуктук маселелер боюнча кеңири кеп-кеңештер берилет.

Ковид-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо үчүн 30.05.2022-жылга чейин төмөнкү шилтеме аркылуу катталыңыз:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSeaCAEKSNdDtKoo211bqvmtl-oEUGr9GYvkVYBWlD9P4nt-5A/viewform?usp=sf_link

Катталуу үчүн бардык талааларды толтуруууңузду суранабыз!

Элчиликтин https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-federativnoy-respublike-germaniya сайтындагы маалыматка ылайык, керектүү документтерди алдын ала даярдап коюуңуздарды суранабыз. КОНСУЛУК СУРООЛОР бөлүмү.

Кошумча суроолоруңуз болсо kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg электрондук дарегине жазыңыз.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK