Элчи Ө.Текебаев германиялык эксперттер тарабынан Кыргызстандын экономикасын изилдөө мүмкүнчүлүгүн талкуулады

419

2022-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Берлин Экономикс» консалтинг компаниясынын директору Др. Рикардо Джуччи мырза менен жолукту.

Др. Рикардо Джуччи белгилегендей, компания өткөөл экономикасы менен өлкөлөрдүн өтүнүчүнүн негизинде экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана изилдөө Германия өкмөтүнүн колдоосу менен аткарылат. Учурда компания жети өлкөдө экономикалык талдоо жүргүзүүдө .

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ө.Текебаев Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү тармактарын «Берлин Экономикс» компаниясы тарабынан изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Изилдөөнүн негизинде өлкөдө учурда болуп жаткан экономикалык реформалардын натыйжалуулугун жогорулатуу же жаңы моделдерин түзүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Маалымат үчүн: «Берлин Экономикс» макроэкономикалык саясаттын көйгөйлүү тармактарын аныктоо менен максаттуу түрдө алектенет жана көз карандысыз талдоолордун негизинде өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүндө орун алган көйгөйлөрүн жеңүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK