2022-жылдын 18-июлунда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германия Федеративдүү Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү Федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Нильс Аннен менен жолугушту

531

2022-жылдын 18-июлунда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германия Федеративдүү Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү Федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Нильс Аннен менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-герман каржылык-техникалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кырдаал жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ɵз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосунда Кыргыз Республикасында «Саламаттык сактоо» жана «Экономиканын туруктуу ɵнʏгʏшʏ» багыттары боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ийгиликтүү кызматташууну жана ɵлкɵдɵ Германиянын катышуусу менен ɵз ара кызыкчылык туудурган ар тʏрдʏʏ тармактарда, ɵзгɵчɵ экономикалык чɵйрɵдɵ биргелешкен долбоорлорду мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Статс-катчы Н.Аннен эки өлкөнүн кызматташуу жылдарындагы ɵнʏктʏрʏʏ саясатынын алкагында ишке ашып келе жаткан кеңири чөйрөдɵгʏ өз ара мамилелерге оң баа берип, германиялык тарап Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ийгиликтүү кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK