2022-жылдын 9-августунда Берлиндеги Фридрих Эберт атындагы фонддо Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Чыгыш Европа департаментинин башчысы Кристин Линк жана фонддун Кыргызстандагы өкүлү Филипп Ян менен жолугушту.

436

2022-жылдын 9-августунда Берлиндеги Фридрих Эберт атындагы фонддо Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Чыгыш Европа департаментинин башчысы Кристин Линк жана фонддун Кыргызстандагы өкүлү Филипп Ян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Андан тышкары Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо Фонд тарабынан көрсөтүлгөн көмөк тууралуу сөз болду. Белгилүү болгондой, Фридрих Эберт Фонду Германиядагы эң ири фонддордун бири жана анын ишмердүүлүгү Германиянын башкаруучу Социал-демократиялык партиясына жакын.

Өз тарабынан Элчи Өмүрбек Текебаев өлкөбүздү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын демократиялык институттарын жана жарандык коомду колдоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Германия Бундестагынын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды жигердетүү маселелерин талкуулашты.

Департамент башчысы Кристин Линке белгилегендей, Фридрих Эберт Фонду үчүн Кыргыз Республикасы менен кызматташууну мындан ары да чыңдоо артыкчылыктуу багыт болуп саналат жана 2023-жылы Фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK