2022-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев “Find Your Expert” компаниясынын негиздɵɵчʏсʏ жана директору Дирк Бахман менен Кыргызстандан Германияга медициналык кадрларды тартуу маселеси боюнча жолугушту.

590

2022-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев “Find Your Expert” компаниясынын негиздɵɵчʏсʏ жана директору Дирк Бахман менен Кыргызстандан Германияга медициналык кадрларды тартуу маселеси боюнча жолугушту. Жолугушууга жогоруда аталган компаниянын кызматкери Сайкал Касымова да катышты.

Д.Бахманн “Find Your Expert” компаниясы ар кайсы өлкөлөрдөн келген медициналык кадрларды даярдоо жана аларды Германиянын медициналык мекемелеринде ишке орноштуруу маселелери менен алектенерин айтып, бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда медициналык адистерди даярдап, Германияга ишке орноштуруу үчүн жана жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK