КР ТИМ башчысы Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлигинин Статс-катчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

178

2020-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлигинин Статс-катчысы Норберт Бартле менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө эки өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселелер талкууланды.
Коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына 500 миң евро өлчөмүндө жардам бөлүү жөнүндө Германия Өкмөтүнүн чечими үчүн Министр ыраазычылык билдирди.
Өлкөдө коронавирусту болтурбоо максатында Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу алдында германия тарабы менен ийгиликтүү кызматташуу жүргүзүлүп жатат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасынын алдындагы мамлекеттик карызын конверсиялоонун мүмкүн болгон жолдорун, ошондой эле коронавирус шартында саламаттыкты сактоо жана экономика чөйрөлөрүн колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Финансылык жана техникалык кызматташуунун алкагында тыгыз кызматташтыкты улантуу маанилүүлүгү белгиленди.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK