Улуттук аза күтүү күнү

2476

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу КРнын Индиядагы Элчилигинин имаратында түшүрүлдү.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен көңүл айтып, аза-кайгыларын тен бѳлүшѳбүз!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK