Кыргызстан менен Индиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты

446

2022-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши, Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкарды биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Атап айтканда, анын куттуктоосунда:

«Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз.

Кыргызстан менен Индияны кылымдардан бери келе жаткан тыгыз достук жана кызматташтык мамилелер байланыштырып турат, ал эми өз ара аракеттенүүбүздүн көп жылдык маданий тарыхы биздин малекеттерибиздин элдеринин ортосундагы терең байланыштары жөнүндө тастыктайт, алар жыл сайын  бекемделип келет. 

Кыргызстан Индия Республикасы менен достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты биздин дос өлкөлөрүбүздүн элдеринин бакубаттуулугу үчүн тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн мындан ары да бардык күч-аракетин жумшай берет”.

Өз кезегинде Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкардын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Дипломатиялык мамилелерибиздин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге, Министрлер Кабинетине жана кыргыз элине эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Тарыхый байланыштарыбыз менен бекемделген стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн мындан ары да өнүгө беришин каалайм».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK